Бишкекте 20-декабрда Кыргыз-япон адам өнүктүрүү борборунда “Моти күнү” аталышындагы иш-чара өткөрүлөт. Аталган борбордон билдиришкендей, иш-чарада жыгач балка, жанчуурду колдонуу жолу менен мотинин салттык түрдө жасалуу процессин көрсөтүшүп, мастер-класс өткөрүшөт. Андан соң келген коноктор даярдалган мотиден даам сызышат.
Моти жасоо - бул япондуктардын салты. Япон элинин күрүчтү баалашканын Жаңы жылда күрүчтөн жасалган моти нанынан билүүгө болот.
Жаңы жыл алдында бышырылган күрүчтү оор, жыгач балка менен камыр сыяктуу болуп калганча жанчышат. Моти деп аталган ошол камырдан нан жасашат. Аны грилде куурушуп же сууга бышырып, Жаңы жылдын биринчи үч күнүндө жешет.