23-24-декабрь күндөрү Бишкекте Дүйнө жүзүндөгү азербайжандыктардын тилектештик күнүнө карата Азербайжан күнү өткөрүлөт. Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ага карата баш калаадагы кинотеатрлардын биринде “Бабек”, “Насими”, “Аршин мал алан”, “Не та, так эта” тасмалары көрсөтүлөт.
24-декабрда коомдук ишмерлердин, дипломатиялык жетекчилердин, профессорлордун, окутуучулардын, азербайжан диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара уюштурулат. Анын жүрүшүндө азербайжан дүйнөсү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, маданияты, туризми жөнүндө китеп көргөзмөсү болот. Мындан тышкары Азербайжан, Түркиянын жана жергиликтүү артисттердин катышуусунда концерт коюлат.