Бишкекте эртең "Манас" эпосу жазылган дисктин бет ачары өтөт

19-декабрда Бишкекте КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы ("Кыргыз патент") тарабынан даярдалган CD жана DVD дисктерине жазылган “Манас” эпосунун бет ачары болот. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалым болгондой, бул саамалыкты "Кыргыз патент" КРнын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде, 2012-2017-жылдары “Манас” эпосун жайылтуу максатында ишке ашырган. Мындан улам жыл сайын учурдагы манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосу CD жана DVD дисктерине чыгарылып турат.

Бул жылы дисктер Замирбек Баялиевдин айтуусунда жарык көрдү. Иш-чарага КРнын Президентинин жана КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жана белгилүү манасчылар катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан