Түп районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Тюпеев "жер титирөөнүн кесепетинен үйүбүз жабыркады" деп кайрылган жарандардын турак жайын текшергенде, алардын көбү эски же болбосо пайдубалы жок болуп чыгууда" деп билдирди. 28-январдагы жер титирөөнүн кесепетин иликтеген комиссия учурда бир топ айыл өкмөттөрдө текшерүү иштерин улантууда. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы 7-февралда чыгарылмакчы. Акимчиликке келип түшкөн арыздардын көбү Түп жана Курбу айылдарынан жазылгандыгы белгилүү болду.