Талас. Талас шаарында жаштардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берген өспүрүмдөр бөлмөсү иштеп жатат

Талас шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоого арналган тегерек стол болуп өттү. Айта кетсек, 2012-жылдын ноябрь айында аталган борбордон атайын өспүрүмдөр үчүн бир бөлмө бөлүнүп берилген. Бул бөлмөдө өспүрүм курактагы балдардын эч кимге айта албаган көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берилет. Ноябрь айында бул жайга 9 бала өз маселелери менен кайрылса, декабрь айында 17 бала кайрылган. Ал эми аталган тегерек столго облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери, акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлү, Кызыл Жарым Ай коому жана журналисттер катышып, жаштардын ар кандай маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан