Бишкекте “36 жаштагы айымды сабап, зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын жай айында милиция кызматкерлерине 1978-жылы туулган айым кайрылган. Анда ал чала тааныш адам катуу сабап, зордуктаганын айткан. Ошондой эле кылмышка шектүү жабырлануучунун 10 миң сом акчасын, уюлдук телефонун ала кеткени белгилүү болгон. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары 1976-жылы туулган Маметбай Сооронбаев кармалган. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.