"ИИМдин кызматкерлери митинг учурунда журналисттердин ишине кийлигише алышпайт. Ошондой эле өздөрү да ар кандай акцияларга катыша алышпайт. Эгерде бул талап аткарылбаса, аларга каршы тийиштүү чараларды колдонобуз". Мындай билдирүүнү бүгүн, ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министри Шамиль Атаханов айтты. Айта кетсек, жыйында “ИИМдин кызматкерлери” тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды.