Бишкекте алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында белгисиз адам ишеничине кирип, алдоо жолу аркылуу 21 миң долларлык унаасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган К.Э. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.