Бишкекте Роман Гуманюктун “Алхимия, чыгыш жана шахматтар” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде жаш сүрөтчү Роман Гуманюктун “Алхимия, чыгыш жана шахматтар” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө орун алган автордун 33 эмгегинин 15и полотного тартылган живопись, 18и миниатюралар.

Айта кетсек, Роман Гуманюк 1985-жылы Бишкекте туулган. Ал Кыргызстан, Казакстан, Украина жана Болгария мамлекеттеринде 22 жеке көргөзмөсүн өткөргөн. Ошондой эле Франция, АКШда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышкан. Сүрөтчү ар түрдүү жанрда жана техникада иш алып барат. Анын эмгектери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө татыктуу баасын алган. 

Көргөзмө тууралуу жаш сүрөтчү Роман Гуманюк: “Менин жан дүйнөмө чыгыш темасы жакын. Ошондой эле быйыл Эл аралык шахмат федерациясынын 90 жылдыгы болгондуктан, шахмат темасында тартылган сүрөттөр да аралашып кетти. Бул идеяны КРнын Шахмат федерациясынын башчысы Милан Турпанов сунуштады. Негизи, сүрөтчү - образдын генератору, образды болсо көрүүчү кабыл алат. Ал эми көргөзмө кандайдыр бир деңгээлде айлана-чөйрө менен баарлашуу болуп саналат. Пикасо айткандай, картиналар көрүүчүлөр болгондо гана жашайт”,- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан