
* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы АКШда биринчи ирет
“Титаник” тасмасы көрсөтүлгөн. Шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын режиссёру да, сценарийин жазган да Жеймс Кэмерон. Тасмадагы ролдорду Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис сыяктуу белгилүү таланттар аткарышкан.
Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген да, аны дароо кино тартуу жөнүндө идея ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечишкен. Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу түшкөн. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөттү түзөт.
Бул тарыхый драма 135 номинацияга көрсөтүлүп, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 "Оскары" эсептелет.

* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык
Ким Пик 58 жаш курагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы госпиталда жүрөк оорудан улам каза болгон. Ким Пик 1951-жылы 11-ноябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында төрөлгөн. Окуган маалыматынын 98 пайызын эсинде сактап калгандыктан, "Ким-пьютер" деген лакап атка ээ болгон. Ким Пик төрөлгөндөн 16 ай өткөн соң окуганды үйрөнүп, көп убагын окуу менен өткөргөн. 3 жашында гезиттерди калтырбай окуп, 7 жашында Библияны жатка билген. 1969-жылы 18 жашында Ким бухгалтер болуп жумушка орношуп, бош убактысын китеп окуу менен өткөргөн. Дал ошол убакта Шекспирдин дил баяндарынын жыйнагын окуп, эсине толугу менен сактап калган. Ошентип, ал дүйнөнүн жана Американын тарыхына, спорт, кино, география, космос, Библия, адабият жана классикалык музыкага кызыга баштайт. Ким ал убакта АКШнын эл аралык телефондук коддорун, почта индекстерин жатка билген. Ошондой эле Американын шаарларынын карталарын мээсинде сактап жүргөн. Ким Пик китеп окуунун өзгөчө техникасын ойлоп таап, китептин эки бетин окуганга 8-10 секунда гана сарптаган. Ал өмүрүнүн аягында эсинде 12 миңге жакын китептин мазмунун сактаган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы "Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы
Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланган. Кызматка 2013-жылы киришкен. Инаугурация 2013-жылдын 25-февралында болуп, андагы кызыктуу окуя бул дүйнө жүзүнө “Гангнам стайл” ыры менен белгилүү кореялык ырчы Псайдын ырдап бериши болгон. Азем Улуттук жыйындын имаратынын астында 70 миң адамдын катышуусу менен өткөн.
Пак Кын Хе Түштүк Кореянын 11-президенти. 2006-2012-жылдары "Улуу өлкө" партиясынын лидери. 1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы. Энеси каза болгондон кийин атасынын жанында биринчи лединин милдеттерин аткарып жүргөн.
Пак Кын Хе 1952-жылы 2-февралда Тэгу шаарында төрөлгөн. Ал 1970-жылы Сеулда орто мектепти аяктайт, андан соң жогорку билимди Сеул университети Соганда алат, аны бүтүргөн Пак Кын Хе Тайвандагы Кытай маданиятынын университетин 1987-жылы аяктаган.