Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы картайган жана адам өмүрүнө кооптонуу жараткан 130дай дарак кыйылды. Дагы 700дөй дарак атайын кароодон өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти билдирди. Департамент маалымдагандай, шаардагы дарактардын көпчүлүгү мындан 135 жыл мурда тигилген. Дарактарды кыюу боюнча жергиликтүү тургундардан жыл ичинде 80дей арыз түшкөн. Айта кетсек, былтыр Каракол шаары боюнча 500 түп дарак кыйылган.