2014-жылдын 9-14-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу даректүү тасма жарыкка чыкты. Анын бет ачары бүгүн, 18-декабрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин катышуусундагы көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларын сыйлоого багытталган иш-чаранын жүрүшүндө болду.
40 мүнөткө созулган тасмага оюндарды өткөрүүгө болгон даярдык, оюндар өтүп жаткандагы урунттуу учурлар камтылган.