Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2011-жылдан бери козголгон кылмыш ишинин негизинде мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Э.М. 16-декабрь күнү Бишкекте кармалган. Кечээ, 18-декабрь күнү Свердлов райондук соту бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Айта кетсек, кылмышка шектүү Чач деген каймана ат менен белгилүү.
Айрым маалыматтарга караганда, кармалган жаран Москвадагы кыргыз ишкерлерин карактап жүрчү.