Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында кечээ, 18-декабрда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Түштүк-2 кичи районунун А.Талант аттуу тургуну кайрылган. Анда ал короого токтоткон Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаасы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ак-Жар жаңы конушунун 22 жаштагы А.Айбек аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан