Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Ош шаарындагы турак үйдүн 135 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 19-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарындагы Туран кичи районундагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 135 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен курулуш чарбанын 24 чарчы метр жыгач шыбы чала күйүп жана 150 боо жүгөрү бакалы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна кошунасынын 8 жаштагы баласынын от менен болгон шоктугу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан