ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, депутаттар Карганбек Самаков, Эльмира Иманалиева, Алла Измалкова, Бахадыр Сулейманов жана Эльмира Жумалиева Малайзия мамлекетинде иш сапары менен жүрүшөт. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандан барган делегация Малайзиянын парламентинин вице-спикери жана бир катар министрлер менен жолугушмакчы. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланат.