Банкрот иштери боюнча департаменттин кызматкери “жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик ишкананын активдерин төмөн баа менен саткан” деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылы “Дыйканчылык боюнча илимий-изилдөө институтунун эксперименталдык чарбасы” банкрот деп табылып, ишкананын активдери аталган кызматкер тарабынан арзан баада сатылган. Анын кесепетинен мамлекет 37 миллион сомго жакын зыян тарткан. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.