Бишкекте "2 уурулук фактысына катыштыгы бар" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы А.Шумкарбек аттуу жаран кайрылган. Анда ал 16-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Павлов көчөсүнө токтотуп кеткен унаасынын эшигин билгисиз жарандар талкалап, унаадагы акча каражаттарын уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле милицияга арыз менен 19 жаштагы А.Айбек кайрылган. Анда ал 12-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Рязанская көчөсүндөгү үйүнүн терезесин талкалап, уурулар акыркы үлгүдөгү сыналгысын жана электрдик бургусун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында "эки уурулук фактысына катыштыгы бар" деген шек менен Сокулук районунун 31 жаштагы Т.Рахманжон аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.