"Бир баласы соттолгон болсо, энелерди “Баатыр эне” наамынан ажыратпаш керек". Мындай сунушту бүгүн, 5-февралда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Бирок өкмөт өкүлдөрү "көп балалуу энелердин балдары оор кылмыш кылган болсо, аталган наам берилбеш керек" деген ойлорун билдиришти. Аларга жооп катары депутат Ташполот Балтабаев “Эне атайын "балам кылмышкер болсун" деп тарбиялабайт. Баланы тогуз ай көтөрүп, көз жаруу - оор эмгек” деди.