"Мен Камила Дүйшөбаеваны тааныбайм, тергөөдө ал жөнүндө мага суроо берилген эмес" дейт кылмыш иши боюнча суракка алынган Осунбек Жамансариев

"Мен Камила Дүйшөбаеваны тааныбайм, тергөөдө ал жөнүндө мага суроо берилген эмес". Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйыны учурунда Осунбек Жамансариев билдирди.

“Акыркы 3 жумадан бери менин аты-жөнүмдү Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү катары кошуп коюшту. Бул боюнча тергөөгө чакырылып, суралгам. Анда Калый Салянов менен тааныш экенимди, 10-мартта жолукканымды айткам. Бирок анда Дүйшөбаева боюнча суроо берилген эмес. Анткени мен аны тааныбайм. Кодекске ылайык, тергөө учурундагы фактылар ачыкка чыгарылбайт. Ошондой эле жабырлануучу менен айыпталуучу иш бүткөн соң гана материалдар менен тааныша алышат. Тергөөчү болсо жабырлануучуга материалдарды берип койгон. Үй-бүлө, тааныштар деген бар да. Кээ бири мени оңурайып карагандай болуп жатат. Менимче, тергөөчүнү бул иштен алыстатып, мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүшү керек”,- деди Жамансариев.

Эске салсак, киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылган. Алардын бири "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов бар болушу мүмкүн деген сөздөр айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
ayjamal83
2014-12-19 14:20:31
Mine deyt?
0
Eldiyar85
2014-12-19 14:59:53
Ото чон сыр жатат бул жерде .....
0
vangolu
2014-12-19 15:14:27
камиланы аябай иликтешти.кайра кайра жазышат.айбек мамбеталиев жонундо да жазгылачы.аягы эмне менен бутту
0
Begimkyz
2014-12-19 15:16:00
Алдын ала актана баштаптыр го, асманда түкүрсөң, бетине түшөт дегени ушу болот да.
0
bema_bema
2014-12-19 15:35:37
Калыйды да коргон эмесмин деп жаткан интервьюсунда, откон жумада башкача суйлогон
+4
Dadin2
2014-12-19 16:07:36
bema_bema, ошону айттымда что-то азыр башкача суйлоп жатат деп.Эгер мыйзам туура иштеп жакшылап пресске алса окуянын ачыгы чыгат тез эле."Биз куноолу болсок бизди камап койбойт беле" дейтко,кызык билбейт бекен эмнеге камалбай жаткан себебин.Тергоону токтотуп жатышатда.Ананда бир кабарда окудум эле тергоону алып барган тергоочу тергоодон баш тартып иштен кетти деп.Эми куноосу жок эле бироонун мойнуна илип камап,ишти жаап салышса керек.Кунолуулордун орду турмодо болуш керек.
0
bema_bema
2014-12-20 02:19:25
Dadin2, Эн туура булар ошентишет
0
Aksy-13
2014-12-19 16:42:13
Туура шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт. Кантип эле жеткиргенди билип анан тааныбайм дейт.Жаш кыздардын башын айлантканды билишээт.
0
Akmosha
2014-12-19 17:02:23
Калый Салянов Аида Саляновага жуз жолу жалдырап жаткандыр,турмодо чирибештин жолун издеп...Уят эле,жапжаш,молтурогон кыздын арбагы тынч койбой калды го.
0
Aipri
2014-12-19 17:48:10
Ушу силердин ортонордо чон сыр бар. Байкуш изилдоочулор, силерден коркуп ачыкка чыгаралбай жатат окшойт.
+1
kiyalbek.82
2014-12-19 19:07:17
Эгерде куноосу болуп камай албаса азыркы бийликтин алсыздыгын билдирет, ансыз деле азыркы бийлике эч ким ишенбейт мисалы куноосу белгилуу эле Кадыралиев журотго эжесине ишенип
0
beibika92
2014-12-19 19:30:41
Ким ал Камила кандай окусам болот мен тушунбодум кызды олтургонбу
0
ALIK-BRO
2014-12-19 20:08:11
Мойнуна албай еле кой. Жеткиргенде жок елем деп еле аайт. Кайра оздорун сотко берип кой.
-1
Boldukan86
2014-12-20 03:39:29
жудаа талкуу кылыштыго. экспертиза деген эмне жакшы иштебейби. точна коруп бербейби анан адам козунон акыркы жолу коргон адамын суротун алса болот дейт. ошентишпейби?
-1
mikinookat
2014-12-20 13:13:19
туугандарынан,жээндеринен башталыптырда тергоо качан оздоруно жетет ,,, ошол кунду кутуп журом акыры бир кун чындыкты билишибиз керек го
+1
tynara1983
2014-12-21 18:39:19
Бул ишти да байкуш башка кишге жала жаап делону жапканы калышты. Аида Салянованын инси менен бир тун башта чогуу болсо, тушунбодум башка адамдар причём бул жерде .Мунун баарын сурашпайбы Калый Саляновдон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан