Бишкекте "Ынтымак кесе-2014" республикалык фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде элдик чыгармачылыктын “Ынтымак кесе-2014” республикалык фестивалынын гала-концерти өтүүдө. Иш-чараны КРнын Мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук тейлөө профсоюзунун борбордук комитети уюштурду. Ага республиканын Нарын, Талас, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери катышты. Концерттик программада аталган фестивалдын облустук этаптарында жеңип чыккан номерлер көрсөтүлүп жатат.  

Ырлардын, бийлердин жана искусствонун ар тармактары боюнча өнөрлөрүн көркөм аткаргандарга калыстар тобунун чечими менен акчалай сыйлыктар ыйгарылмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан