“Балдарынын бири оор кылмыш жасаган энелерге Баатыр эне орденин алуу үчүн документ тапшырууга болбойт”. Мындай пикирди бүгүн, 5-февралда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Асел Кодуранова билдирди. Анын айтымында, эгерде баласы административдик же жеңил кылмыш иштери боюнча сот жоопкерчилигине тартылган болсо, ал энелерге Баатыр эне орденине документ тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Эскерте кетсек, бүгүн ЖКда "Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.