17 жыл мурун болгон карактоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 1997-жылдын 9-сентябрында Бишкек-Торугарт унаа жолунун Кабакы ашуусунда бир кыргыз жана эки кытай жаранына куралдуу кол салуу болгон. Анда белгисиз төрт адам үчөөнү сабап, кытай жаранынан 58 миң доллар, айдоочудан 200 доллар алып из жашырып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.