Аксы районунда мал уурулук боюнча шектелип кармалган 2 айым 3 жылга эркинен ажыратылды

Аксы районунда мал уурулук боюнча шектелип кармалган 2 айым 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 19-декабрда билдиришти.

Айта кетсек, 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү милиция кызматкерлерине мал уурулук фактысы боюнча оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургунуна таандык Хундай Портер унаасы токтотулган. Унаанын ичинде 3 уй болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уйлар Аксы районунун Авлетим айылынан уурдалып келе жатканы маалым болгон. Ошол жерден кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Аида Орозбаева жана Жыргал Төрөбекова кармалган. Алардын айтымдарында, уурдалган уйларды Токтогул районунун Өзгөрүш айылына алып барып сатышмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2014-12-19 18:50:12
Аялдар мал уурдай баштаса.кайда баратабыз деги.
0
Asan_aksy
2014-12-19 19:07:45
кемпирлер Айгыр сойуп алышканына коп жыл болдуго этият болуш керек азыр.
0
ALIK-BRO
2014-12-19 19:34:24
Жаны чыгармачылыктын устундо иштеп атышкан го. Уже зордуктоо олтуруу тоноо бизге Кызыксыыыз боп калды дааа шого елеее.
0
Lenovo.A325
2014-12-19 21:07:55
Жылдын супер_ ууру айымы!
+1
beka88
2014-12-19 23:07:07
аксыда мал уурулук кучоп кеткен ар бир уйдун сарайында канча мал болсо ошонун баарын алып кетип аткан кызыл капчыгай деген айылда ошол ууру кармалды озбекстандан келип уурдайт экен бир да кыргыз жок экен шериктери млициялардын айтканы ушул, милициялара туура эмес суйлоп элдин кыжырына тийип атат оздору да шерик же чон суммада акча алган органдагылар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан