Жылнаама, 21-декабрь: Мындан 33 жыл мурун театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева каза болгон

* Мындан 33 жыл мурун, 1981-жылы театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева 37 жашында каза болгон. Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектебин бүтүргөн. Биринчи жолу 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикадан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
 
* Мындан 136 жыл мурун, 1878-жылы советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын генералдык катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун Баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин Грузиянын Тифлис губерниясындагы Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүргөн. Кийин марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашыруун ийримдерде маркстык адабияттар менен тааныша баштаган. Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук комиссиянын Саясий бюросун куралдуу көтөрүлүшкө жетектеп, Петроград Аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген. 1922-жылы апрелдеги БКнын Пленумунда КПСС БКнын генералдык секретарлыгына шайланып, ал кызматта өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Иосиф Сталин 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы грузиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Грузиянын 3-президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаарында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1992-жылы Киев Эл аралык мамилелер институтунун эл аралык укук факультетин кызыл диплом менен аяктаган соң, АКШ департаментинин стипендианты катары Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетине жөнөйт. Анда 1994-жылы укук боюнча магистрдик деңгээлин алат. Кийин Страсбургдагы Адам укуктары университетинде билим алуусун улантып, ушул эле тармактагы Флоренция жана Гаага академияларын да бүтүрөт. 1995-жылы АКШдагы Жорж Вашингтон атындагы университетте доктордук диссертациясын жактайт. Михаил Саакашвили англис, француз, орус, украин жана испан тилдерин билет. Чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, саясатка 1995-жылы Грузиянын атактуу саясатчысы жана досу Зураб Жваниянын чакыруусу менен келип калат. Өзү оппозициялык “Улуттук кыймыл” уюмун түзүп, 2003-жылы 3-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышат. Оппозициялык блок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, каршылык акцияларын баштайт. Ошентип, 22-ноябрда оппозициячылар колдоруна роза гүлдөрүн кармап, парламентке кирип, аны басып алышат. Эдуард Шеварднадзе отставкага кетүүгө аргасыз болуп, 2004-жылдын 4-январында Михаил Саакашвили Грузиянын президенти болуп шайланган.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов жүрөгү токтоп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. Ал 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылып, ал эми 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган. 
21-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан