Ысык-Көл облусунда "Чыгыш электр" ишканасынын башкы дирекциясы кеңешме өткөрүп, 2012-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Гүлмира Тониева билдирди. Анын айтымында, кеңешмеде ишкананын бөлүмдөрүндөгү жетишкендиктер жана кемчиликтер айтылды. Кеңешменин соңунда жетекчилик тараптан коюлган милдеттемелерди толук аткарбай, иштеги начар көрсөткүчтөрдүн болушуна жол берген кызматкерлерге тартиптик чараларды колдонуу жөнүндө жана кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан сырткары ишканада иштеген 13 жетекчиге сөгүш жарыяланды.