Экологиялык-техникалык инспекциянын эки кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусу боюнча Экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июнь айында дары чөптөрдү чогултуу менен алектенген ишкерди аталган инспекциянын кызматкерлери "чоң өлчөмдө айып пул салабыз" деп коркутушуп, 10 миң сом талап кылышкан. Ишкер кызматкерлердин мунусуна макул болуп, сураган сумманы берген. Бирок ал кызматкерлер ишкердин жанын койбой дагы 20 миң сом талап кылышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, эки инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rasan
2014-12-20 09:55:12
Буйруса коррупцияны азайтат окшойбуз.кармаш керек мындайды
0
Multicam
2014-12-20 22:00:50
rasan,
12 жылгабы ?
0
Saribulak
2014-12-20 09:59:01
Азайса жакшы болмок. Бирок булдагы керек анча мынча.
0
sagyn01
2014-12-20 10:54:39
Тобоо КР де таза иштеген адам барбы озу?
0
orozaliev86
2014-12-20 11:26:41
Таза иштешсе айлыктары менен жанын бага албай калышатго
+1
ALIK-BRO
2014-12-20 11:44:33
Мммм Жеш керек ичиш керек Алга кыргыз алга Корупция.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан