Былтыр 20 жылга эсептелген билим берүү системин өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды. Бул стратегия билим берүү адистери, эксперттер жана коомчулуктун катышуусу менен иштелип чыккан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, өткөн жыл билим берүү тармагында маанилүү жылдардын бири болду. “2012-жыл стратегиянын ишке ашуусунун биринчи жылы болду. Былтыр концепция жана аны аткаруу пландары иштелип чыгып, аны ишке ашыруудагы каржы булактары аныкталган”, - деди министр.