Билим берүү жана илим министри болуп Эльвира Сариева дайындалды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынан бүгүн, 20-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Эльвира Сариева 1975-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарык дүйнөгө келген.
1998-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2000-жылы British Broadcasting Corporation (Маалымдоо мектеби), 2002-жылы КР Президентине караштуу Башкаруу академиясын, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академияны аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1998-2002-жылдары - КР “Internews Network” өкүлчүлүк редактору, өкүлчүлүк директорунун орун басары;
2002-2007-жылдары - "Интерньюс" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
2007-2009-жылдары - Кавказ, Ооганстан жана Борбор Азия боюнча координатор, Борбордук-Евразиялык лидерлик академиясы (CELA), уюштуруу жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча консультант;
2010-2012-жылдары - КР Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы;
2010-2014-жылдары - «ЦЕХ» лофтунун башкаруучусу;
2012-жылы - “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду, «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитетинин жетекчиси;
2012-2014-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаарынын стратегиясы боюнча комиссия төрайымы;
2014-жылдын 4-апрелинен 20-декабрга чейин - вице-премьер-министр.