“Чет тилдеги мыкты фильм” сыйлыгы боюнча “Оскарга” сунушталып жаткан “Курманжан датка” тасмасы шорт-листке илинбей калды. Бул тууралуу тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз интернеттеги баракчасына жазды.
Анда: “Биздин "Курманжан датка" шорт-листке илинбей калды. Биринчи иш биринчилигин кылат экен. Аракетибизди кылдык, болбоду. Бирок күрөш али алдыда. Эмки жылы дагы келербиз, дагы оюн саларбыз. Эмнеси болсо да Кыргызстандын, кыргыз элибиздин, кыргыз киносунун Америкага таанылуусуна эмгегибизди коштук деп ойлойм. Келе жаткан жылда да кыргыз киносунда чоң жаңылыктар болот. Жыл сайын жыдыбай аракет кылабыз. Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!”- деп айтылат.
Айта кетсек, “Чет тилдеги мыкты фильм” сыйлыгы боюнча алдынкы үчтүккө "Левиафан" (Орусия, режиссёру Андрей Звягинцев), кара-ак түстүү сүрөттөлүш "Ида" (Польша, режиссёру Павел Павликовски) жана швециялык "Форс-мажор" драмасы (режиссёр Рубен Эстлунд) кирди.
Ал эми SUPER.KG порталындагы жылдын мыктыларын аныктаган сурамжылоодо аталган фильм "Жылдын супер тасмасы" наамын алса, башкы ролду жараткан Элина Абай кызы "Жылдын супер актрисасы" наамына татыктуу болду. Ошондой эле тасмада Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадиллаев "Жылдын супер актёру" наамын багындыра алды.