“2012-жылы пландалган 72 аталыштагы 3 миллион 200 миң нускада китептерди басып чыгаруу иши өз убагында аткарылган жок",- деп билдирди бүгүн, 5-февралда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков. Былтыр китеп басып чыгаруу тармагындагы көйгөйлөргө токтолгон министр министрлик тендер өткөрүп, анда “Учкун” басмаканасы жеңип чыкканын, бирок ал тапшырманы өз убагында аткарбаганын айтты.