Караколдогу жаңы жылдык балаты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-декабрда Каракол шаарынын Тыныстанов көчөсүндө орнотулган жаңы жылдык балатынын 1 метрдейи күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр келгиче аны ошол жердеги адамдар өчүрүшкөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.