Орусияда кыргызстандык жаран адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Воронежде болгон. Анда эки топтун ортосунда уруш чыгып, 28 жаштагы кыргызстандык каршылашын бычак менен сайган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.