2012-жылы бала бакчага барбаган балдардын 96 пайызы мектепке чейинки даярдыктан өткөн

Кыргызстанда былтыр бала бакчага барбаган балдардын 96 пайызы мектепке чейинки даярдыктан өткөн. Мындай билдирүүнү бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков айтты. Министрдин айтымында, 2012-жылы Кыргызстандагы 103 миңге жакын 1-класска окуй турган балдардын 98 миңи мектепке чейинки даярдыктан өтүшкөн. Балдарга билим берүү иш-чарасын уюштуруу үчүн өкмөт 1365 мектепти керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, 3000 мугалим билим деңгээлин жогорулаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан