Бүгүн, 21-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 4-республикалык жаш дизайнерлердин сынагы өттү. "Салттык эмес жаңы 2015-жыл" аттуу сынакка республикабыздагы жогорку окуу жайларда дизайнерлик кесип боюнча билим алып жаткан студенттер катышышты. Алар кагаз, темир, жип, пластикалык идиштер, зым, уйгак жана башка буюмдардан кийимдердин коллекциясын тартуулашты. "Көпөлөктөр", "Күмүштөр", "Амазонкалар", "Клеопатра" жана башка ушул сыяктуу коллекцияларды көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун костюмдарды көркөм долбоорлоо кафедрасынын жетекчиси Дамира Айтыкеева сынакка катышуучулардын деңгээли жыл сайын өсүп жаткандыгын айтып өттү.
Калыстар тобуна кирген Кыргызстандагы белгилүү дизайнерлер Мадина Тапаева, Замира Молдошевалар катышуучуларга чыгармачыл эргүү, изденүү каалап, жаш дизайнерлердин эмгектеринде өсүү байкалганын айтышты. Ал эми Н.Исановдун кызы Мария Исанова сынактын жеңүүчүсү деп табылган И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 3-курсунун студенти Айзада Кушчубаевага сыйлык тапшырды. Кийимдердин коллекциясын даярдоого бир ай кеткенин айткан Айзада Кушчубаева: "Таластык кыздар" аталышындагы эмгегим жалпысынан 5000 сомго даяр болду. Кийимдерде ырчы Леди Гаганын образын берүүгө аракет кылдым. Кийимдер шире иччү түтүк, пластикалык тарелка, кашыктардан жасалды. Бир көйнөктү жасоого 2000 стакан, 1000 кашык керектелди",- деп толкунданганын жашырган жок.