Бишкекте Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата балдар үчүн концерт өткөрүлөт

22-декабрда Бишкектеги Тарых музейинде “Кыргызстандын тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмөнүн алкагында Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата балдар үчүн концерт уюштурулат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан билдиришти. Концерттин жүрүшүндө “Аппак кыз” жана "Адвенттин төрт шамы" жомоктору коюлат. "Цирк келди", "Ich baue ein Stadt für dich", "In der Weihnachtsbäckerei", "Zusammen singen wir" ырлары аткарылып, немис бийи бийленет.

Эске салсак, КРнын Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстандын тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмө 3-октябрда ачылганКөргөзмөнүн катышуучулары Кыргызстандагы немистердин тагдыры чагылдырылган сүрөттөрдү көрө алышкан. Иш-чара “19-20-кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстанда орун алган тарыхый процесстер” жана “Кыргызстандын тарыхына зор салым кошкон немистер” аталыштарында өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан