Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаары боюнча башкармалыгы жаз айында аба ырайынын өзгөрүшүнүн алдын алып, жарандык коргонуу боюнча окууларды өткөрөт. Ал эми 2012-жылы жарандык коргонуу боюнча 17 окуу, 20 Жарандык коргонуу күнү өткөрүлгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Дастан Абдраев билдирди.
Мындан сырткары 2009-2010-жылдардагы жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Нарын шаарынын 32 тургуну 2012-жылы 50 миң сомдук кайтарымсыз, 39 жаран 200 миң сомдук узак мөөнөттүү насыяларды алышты.