Борбор калаада "кореялык ишкерден алдамчылык жол менен 2,6 миллион доллар акча каражатын алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2006-жылы түштүк кореялык жеке ишкер Кыргызстанга жеке менчик медициналык клиника ачуу үчүн кыргызстандык таанышына 2,6 миллион доллар акча каражатын которуп берген. Кыргызстандык жаран ал акчага жер сатып алып, медициналык клиника ачмак. Акчаны алган жаран ал клиниканы салып, бирок тиешелүү документтердин баарын өзүнүн атына каттатып алган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.