Бишкекте Кыргыз Эл акыны Кубанычбек Маликовдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектеги Бөкөнбаев менен Эркиндик бульварынын кесилишинде Кыргыз Эл акыны, чыгаан драматург, котормочу Кубанычбек Маликовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Салтанатка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркулов, акындын калемдештери, коомдук ишмерлер, театр артисттери, туугандары жана башкалар катышты.

Өз сөзүндө КРнын Маданият, маалым жана туризм министри А.Максүтов: “Кубанычбек Маликовдун кыргыз адабиятына кошуп кеткен салымы чоң. Эстелигин тургузуп, элесин түбөлүккө калтыруу - улуу инсандын алдындагы парзыбыз. Ал адабият ааламында 20-кылымдагы мыкты чыгармаларды жаратып кетти. Алгачкы “Жазгы талаа” деген ыры жарыкка чыкканда болочок акын 15 гана жашта экен. “Манас” эпосун изилдөөгө, жазып чыгарууга катышып, Аалы Токомбаев менен биргеликте эпостун жыйынтыкталган 3 томдугунун үстүндө көп жылдар бою эмгектенген. Котормо жаатында иш алып барып, адабият казынабызды байытса, драмалары театрларда коюлуп, элибиздин руханий байлыгын кеңейтти. Чыгармалары бирде кайгыртып ыйлатса, бирде көңүл көтөрүп шаң берди. Окурман анын каармандары менен кошо жашап, сүйүнсө сүйүнүп, кайгырса кошо кайгырды. К.Маликов кыргыз маданиятынын, адабиятынын тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калышы керек. Ушул көөнөрбөс мурасты кемитпей, өзүбүздүн кийинки муунга өткөрүп берүү парз деп эсептейм”,- деди.

Кубанычбек Маликов Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында 1911-жылы туулган. Ал адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулган. Анын "Айылда", "Күлүйпа" аттуу пьесалары, "Жүрөк толкуйт", "Бийик жерде", "Осмонкул" аттуу драмалары көрүүчүлөргө белгилүү. К.Маликов 1979-жылы дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан