Бишкекте жазуучу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгына карата “Көркөм сөздүн зергери” аталышындагы көргөзмө ачылат

23-декабрда борбор калаадагы Улуттук китепканада кыргыз жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 90 жылдыгына арналып “Көркөм сөздүн зергери” аталышындагы көргөзмө ачылат. Аталган китепканадан билдиришкендей, китеп-иллюстративдик көргөзмөдө З.Сооронбаеванын китептери, анын өмүр жолун чагылдырган макалалар орун алат. Жазуучунун жаркын элесин эскерүүгө багытталган иш-чаранын ачылыш аземине акындар, жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият жана билим берүү кызматкерлери, журналисттер жана студенттер катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан