"Нарын электр тармактары" ишканасы 2012-жылы Нарын шаарында 16 миллион 155 миң кВт саат электр энергиясы пайдаланылганын билдирет. Учурда аталган ишканада 60 адам иштеп, алардын орточо айлык маянасы 16 600 сомду түзөт.
Ал эми шаардагы электр энергиясын пайдалануучулардын 2012-жылдагы карызы 58 миллион 122 миң сомду түздү. Мунун ичинен карапайым элдин карызы 7 миллион 438 миң сом. Учурда аталган ишкана тарабынан акция жүрүүдө. Электр энергиясына болгон карыздарды толугу менен төлөп берген кардарлар үчүн мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн кошумча төлөмү жоюлат.