Тогуз-Торо районунда дарактарды кыйып, курулушка уруксат берген жетекчиге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Тогуз-Торо районунун акимине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, аталган райондун акими Т.И. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаңгак токойлорун кыюу боюнча айыпталып жатат. 
Белгилүү болгондой, ал Жалал-Абадда жаңгак токойлорун кыюуга тыюу салынганына карабастан, Үч-Чат аймагындагы дарактарды кыйып, курулуш баштоого мыйзамсыз уруксат берген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 109 339 сомдук зыян келтирилген. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан