Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан 25 баш жылкыны мыйзамсыз түрдө айдап өтүүгө аракеттенген Казакстандын 5 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Чүй районунун Виноградное айылынан алыс эмес жерден чек ара аркылуу өтүүгө аракеттенип жатканда Чүй облустук чек ара кошуунунун чек арачылары тарабынан кармалган. Бул иш боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жарандар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.