Борбор калаада жогорку окуу жайлардын биринин колледжинде окуган студент кызды анын курсташ кыздары сабап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү милицияга арыз менен жогорку окуу жайлардын биринин 18 жаштагы студенти кайрылган. Анда ал саат 18:30 чамасында анын 4 курсташы сабап кетишкенин айткан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.