
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы 96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры
Керимбүбү Шопокова дүйнө салган. Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн. Ал эми кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн. Керимбүбү Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап, өзүнүн кылган эмгеги менен 1946-жылы Ленин ордени, көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущёв Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын алтын жылдызын тапшырган, ал эми 1997-жылы 2-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Керимбүбү Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.

* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы италиялык жана франциялык модель, композитор, ырчы, Франциянын экс-канайымы
Карла Бруни Италиянын Турин шаарында туулган. Карла Бруни 5 жашынан тартып Францияда жашап, Швейцариядагы эң мыкты мектепте билим алган. Фотомоделдик карьерасын 19 жашында баштап, дүйнөдөгү эң көп акча төлөнгөн моделдердин катарына кирген. 1997-жылы подиумду таштап, ырчы катары жолун улаган. 2007-жылы Карла Бруни Николя Саркози менен таанышып, 2008-жылы 2-февралда расмий түрдө үйлөнүшкөн.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы “Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан адам 80 жаштагы америкалык миллиардер
Шелдон Аделсон болуп чыккан. 2013-жылы анын кирешеси 15 миллиард долларга көбөйгөн. Лас-Вегастагы жана Сингапурдагы казинолор жана отелдер тармагынын ээси Шелдондун бир күндүк кирешеси 41 миллион доллар чамасында болгон. Анын байлыгы жалпысынан 37 миллиард доллар деп бааланган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы советтик жана орусиялык конструктор
Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан. Михаил Калашников өзүнүн белгилүү АК-47 автоматын 1947-жылы конструкциялаган. Азыркы учурда Калашников автоматтарын 100дөн ашык өлкөлөрдүн күч түзүмдөрү колдонушат жана 20-кылымдын эң көрүнүктүү ойлоп чыгарган нерселердин бири болуп саналып келет. Михаил Калашников көптөгөн автобиографиялык китептерди жазган жана карыган кезге чейин заводдогу башкы конструктор кызматында иштеп келген. Ал Орусиянын Баатыры жана эки ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган жалгыз адам болуп саналат.