Ички иштер министри Шамиль Атаханов Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик башкармалыгын сынга алды. Буга 2011-жылы 145 уюшкан кылмыштуулуктун бети ачылса, 2012-жылы 75 кылмыштын бети ачылышы себеп болгон. Жумуштун натыйжасы начар болуп жаткандыгын аталган башкармалыктын башчысы Калыбек Сатыбалдиевдин жумушка өзүнүн жердештерин алгандыгы менен байланыштырды министр. “Кызматтык иликтөөдөн кийин Калыбек Сатыбалдиевди кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок ал ооруканага жатып, ошол бойдон жумушка чыга элек. Мындан сырткары 8 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылган",- деди Атаханов.