22-декабрда Бишкектеги КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинде Шабдан баатыр тууралуу тарыхый көркөм тасманы тартуу иштери боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.
Маалым болгондой, комиссия мүчөлөрү 2015-2016-жылдары “Шабдан баатыр” тарыхый тасмасын тартууну Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына тапшыруу чечимин кабыл алышты. Мындан тышкары аталган тасмага сценарий жазууну режиссёр Эрнест Абдыжапаров менен ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевге тапшырышты. Алар 2 айдан соң “Кыргызфильмдин” көркөм кеңешине жазылган сценарийди көрсөтүшү керек.
Жыйынга Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, КРнын Эл артисттери Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөлөрү Бекболот Айдаралиев, Болот Алимбаев жана башкалар катышышты.