Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 жашар бала каза тапты

Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 62-чакырымында болгон. Анда 25 жаштагы айдоочу БМВ унаасы менен 3 жашар баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Учурда бул боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан