Ысык-Көл. Тоң районундагы 2 айыл өкмөттүн жетекчилерине сөгүш жарыяланды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2012-2013-жылдардын кыш мезгилине карата мектептерди көмүр менен камсыз кылуу иштерин үзгүлтүккө учуратып, өз мөөнөтүндө бүтүрбөгөндүгү үчүн Улакол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сейитказиевге жана Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Боталаевге Тоң райондук администрациясы тарабынан сөгүш жарыяланды. Мындан сырткары аларга:

- айыл өкмөтүндөгү токтоп турган өнөр жай мекемелерин ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү;  

- айылдарды өнүктүрүү боюнча чет элдик инвестицияларды тартуу менен жаңы жумушчу орундарды түзүүчү кичи цехтерди уюштуруу;

- 2013-2015-жылдарга айылдык округдардын стратегиялык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан