Кара-Суу районунун 42 жаштагы тургуну ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарандын үйүн текшерүү учурунда ИЖ 32 ок атуучу куралы табылган. Анда эч кандай документтер болгон эмес. Мындан улам курал мыйзамсыз сакталып келген. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун 46 жаштагы тургунунан да мыйзамсыз сакталып келген ТОЗ-8 мылтыгы алынган. Учурда булар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.